Дональд Трамп чиркөөлөрдү, мечиттерди жана синагогаларды ачууну талап кылды

АКШнын президенти Дональд Трамп губернаторлорунан чиркөө, синагога жана мечиттердин тезирээк ачылышын талап кылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышат.

Американын көпчүлүк аймактарында коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында диний чогулуштарга тыюу салынган. Бирок жарандар буга каршылык көрсөтүп, нааразычылык акциясына чыкканга дагы жетишкен.

"Губернаторлор туура чечим кабыл алып, дин үчүн маанилүү болгон жайларды мына ушул дем алыш күндүрүнөн калбай ачышы керек. Эгер алар бул ишти аткарбаса, мен аларды мажбурлайм", - деген АКШ президенти.

"Дональд Трамптын мындай билдирүүсүнөн кийин Калифорния штатынын губернатору Гэвин Ньюсом диний жайларды ачуу боюнча иш планын берерин айткан. Бирок азырынча чиркөө, мечит жана синагогалардын качан адамдарды кабыл алып баштары айтыла элек", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Mirlan27011987
2020-05-23 16:39:14
Кудай сыйынган адамдын эмес, кыймылдап иш кылган адамдын тилегин орундатат.
+3
Kitep
2020-05-23 19:55:37
Саясий упай топтоп жатса керек деп ойлоп калдым.
Чиркоо мечиттердин жабылышына каршы болгондо,башынан эле жаптырбай коюусу колунан келсе керек эле.
-1
Jeltelmen.99
2020-05-23 20:11:52
Трамп жакшы киши мамлекеттен жылына бир доллар айлык алат.ото жонокой карапайым кичи пейл адам.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан