Кытайдын басылмалары Кыргыз өлкөсү жана Казакстан жайгашкан аймак мурда Цин империясына караштуу болгон деген макала жарыялашты

Кытайдын басылмалары Кыргыз өлкөсү жана Казакстан жайгашкан аймак мурда Цин империясына караштуу болгон деген макала жарыялашты.

Макала Кытайдын "toutiao.com" аттуу белгилүү сайтына 11-апрелде жарыяланганын "Азаттык" жазып чыкты. Анда "Кыргыз өлкөсү Кытайдын курамында турганда абдан бай жашаган. Азыр дүйнөдөгү эң кедей өлкө. Ички дүң продукциясына жан башына бөлгөндө 1000 доллардан гана тиет" деп өлкөнүн экономикалык абалы да талданган.

14-апрелде Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары Шахрат Нурышев Кытайдын Казакстандагы элчиси Чжан Сяону чакырып, сөз болуп жаткан макаланын мазмунуна нааразы экенин билдирип, Бээжинге нааразылык нотасын жолдоду.

Азырынча Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлиги маалыматка реакциясын билдире элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан