"Балдар онкологиясында химиялык дарылар жетишсиз". Бул боюнча республикалык штаб жооп берди

Бүгүн, 16-апрель күнү саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча жыйын берүү учурунда коомчулуктан келген суроолор узатылган. Алардын бири балдар онкологиясына химиялык терапия үчүн жетишпей жаткан дарылар тууралуу болгон. "Химиялык терапия үчүн дарыларды чек аралар жабылганына байланыштуу чет жактан алып келүү мүмкүнчүлүгү каралуудабы?" деген суроого Үсөнбаев бул маселе чечилип жатат деген жообун узаткан. Көп өтпөй республикалык штабдан төмөнкүдөй маалымат таратты.

Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология жана гематология борборунун балдар онкологиясы жана гематология бөлүмүндө төмөнкү химиялык дары-дармектер бар:

- аспарагиназа

- ритуксимаб

- карбоплатин

- иринотекан

- этопозид

- цисплатин

- филграстим

- меркаптопурин

- винкристин

Ошондой эле коштоочу терапия үчүн дары-дармек каражаттары жана медициналык багыттагы буюм-тайымдар бар.

Ифосфамид, дактиномицин, даунорубицин Жогорку технологиялар фонду аркылуу сатып алынган, тендер 2019-жылдын декабрында өткөн. Чек аралар жабылгандыктан, дары-дармектерди алып келүү кечиктирилүүдө.

Метотрексат, циторабин, адриабластин, урометоксан препараттарына билдирмелер боюнча фармкомпаниялардан сунуштар келген эмес.

Балдар онкологиясы жана гематология бөлүмүндө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу УОГБдун жетекчилиги эгерде дары-дармектер бар болсо же препараттарды (метотрексат, циторабин, адриабластин, ифосфамид, урометоксан, дактиномицин, даунорубицин) кыска мөөнөттө алып келүү мүмкүнчүлүгү жаралса, түз келишим түзүү жолу менен сатып алууга көмөк көрсөтүү боюнча бардык фармкомпанияларга кайрылат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан