Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) эксперттери коронавирустун келип чыгышынын жаңы версиясын карап жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, ушул аптада Кытайдын Ухань шаарына барган эксперттердин отчёту жарыяланат. Бул документте COVID-19 оор курч респиратордук синдромду (SARS) пайда кылган вируска окшош болушу мүмкүн деген версия жазылган. Анын түпкү алып жүрүүчүлөрү - жарганаттар, ал гималай циветасы аркылуу адамдарга жуккан. Ошондой эле бул тыянактар акыркы эмес экендиги белгиленген.
Отчётто британиялык зоолог Питер Дасзак вирустун жайылышы жапайы жаныбарлар менен соода кылганга байланыштуу болушу мүмкүн деп белгилейт. "Ошентип ал базардан коронавирусту жарганаттардан жуктуруп алган жаныбарлар сатылган. Андан кийин адамдарга жуккан" деген Питер Дасзак.
Буга чейин коронавирустун келип чыгышын изилдеп жаткан ДСУнун эксперттери COVID-19 таралышынын булагы Ухань вирусология институтунун лабораториясынан чыккан деген версиядан баш тартууну көздөгөнү айтылган.