Социалдык тармакка баланы "отжимание жаса" деп темир таяк менен сабап, муунткан эркектин (болжолдуу түрдө атасы) видеосу тарады. Видеодо балага болушуп, ортодон аялдын "жасап койчу эми" деп чыйпылыктап ыйлап жатканын көрүүгө болот. Ошондой эле эркек "менин айтканымды кылбай калдыңбы?" деп кайра-кайра баланы ур-тепкиге алган.
Видео коомчулукта катуу талкууга түштү. Болжол менен окуя Орусияда орун алып, видеону апасы тарткан деп айтылууда. Видеонун аягында тартып жаткан аял "өлүп кетсин, муну милицияга берем" деп айтканын угууга болот.
Азырынча бул окуя боюнча тийиштүү мекемелер маалымат тарата элек.