Бүгүн, 17-апрелде интернет желелерине баланы отжимание жаса деп мажбурлап, эркек кишинин аны сабап жаткандагы видеосу тарады. Видеодо ал баланы муунтканга чейин барган. Коомчулукта талкууну жараткан бул окуя боюнча SUPER.KG порталы айрым маалыматтарды алды.
Аты-жөнүн жашырып коюуну суранган өздүк булактын билдиришинче, сабалган бала үй-бүлөдө бир туугандардын ортончусу, андан улуу жана кичүү 2 бир тууганы бар. Улуусу таенесинин колунда, кичүүлөрү өзүнүн ата-энеси менен Орусияда.
"Бул баланы да төрөлгөндөн акыл-эси киргенге чейин, адашпасам, беш жашка чейин таенеси баккан. Кийин ата-энеси өздөрүнө алышты, учурда 1-класста окуйт. Бирок ата-энеси баланын буга чейин алган тарбиясын жактырбай, жемелеп жүргөнү байкалчу.
Таенеси небересин коргоо максатында Орусиянын полиция кызматына кайрылды. Өзү 60 жаштан ашып калгандыктан, интернет байланышты жакшы түшүнбөйт, бирок анын атынан бул системди билгендер жардам берип, арыз жазып жөнөтүшкөн. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, 36 жаштагы атасын полиция кызматкерлери кармап кетиптир.
Менимче, атасынын эч кандай жогорку билими жок, Орусияда короо шыпырып иштейт. Жеке мен өзүм бул көрүнүштү көпкөндүк, эч кимди тоготпой калгандык деп сыпаттадым. Баланы видеодо "жезде" деп жүргөн таежеси алып кеткен.
Чырдын себебинин чыгышы жөнүндө айтсам, атасы баланы отжимание жасоого мажбурлаган. Ал 30 жолу жасап, андан ары дагы жасагандан баш тарткан. Буга атасынын ачуусу келип, аны токмоктогон. Негизи бала башкача өскөнү үчүн үйдөгү кичүү кызына караганда башкача мамиле жасашат. Баланын атасынын буга чейин мынчалык орой болгону тууралуу уккан эмесмин", - деп билдирди ал.
SUPER.KG порталы бул боюнча башка тараптардын да пикирин угуп, жарыялоого даяр.