"Отжимание жаса" деп баласын сабаган ата изделүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Учурда ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү тарабынан өз баласын сабаган жарандын кайда жүргөндүгүн аныктоо жана кармоо боюнча иш-чаралар жүрүүдө.
Бүгүн интернетте жана WhatsApp мессенжеринде болжол менен 9-10 жаштагы баланы сабаган видео тараган. Бул боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн соң, видеодо жеткинчек баланы сабап жаткан жарандын аты-жөнү такталган. Ал Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1985-жылы туулган Ж.Э. аттуу тургуну экендиги маалым болду. Ал эми анын жубайы 1987-жылы туулган Ж.Ж. экендиги да такталды. Иликтөөнүн жүрүшүндө жогорудагы жаран үй-бүлөсү менен 2019-жылы 16-октябрда Орусияга учуп кетишкендиги аныкталган", - деп жазылат маалыматта.
Буга чейин SUPER.KG порталына өздүк булак "өспүрүмдүн тай тарабы полиция кызматына кайрылды" деп билдирген.