Пандемия учурунда үйдөн чыкпай эле банк кызматтарынан пайдаланса болобу?

Кыргызстанда коронавирус эпидемиясынын убагында бардык банктар өкмөттүн сунушу боюнча өз ишин улантышууда. Бирок жарандарга олуттуу себеби жок сыртка чыгууга тыюу салынган. Буга байланыштуу калк арасында үйдөн чыкпай туруп онлайн-режимде банктык кандай кызматтарды колдонууга мүмкүн деген суроолор жаралууда.

Бул жаатта бир катар суроолорго жооп алуу үчүн биз Кыргызстандын банк системинин өкүлдөрүнүн бири менен маектештик. Биздин суроолорго FINCA Банк башкармасынын төрагасы Махмуд Саидахматов жооп берди.

- Махмуд Тажирахматович, Кыргызстанда кеңселер тармагы кеңири Банк катары өз мисалыңызда айтсаңыз, бүгүнкү күндө банк системи кандай иштеп жатат? FINCA Банктын ишинде кандай өзгөрүүлөр болду?

- Биз дүйнө жүзү сыяктуу эле, мындай кырдаалга биринчи жолу туш болдук жана албетте, өкмөттүн, медициналык кызматтардын жана укук коргоо органдарынын сунуштарын эске алып, Банктын бардык иш процессин тез өзгөртүүгө жана азыркы абалга ылайыкташтырууга аракет кылып жатабыз.

Биздин кеңселерибиздин көбү - 90 пайыздан ашыгы кардарлар үчүн ачык бойдон, айрым кеңселерибиз аларга бара турган жолдорго чектөөлөр киргизилгенине байланыштуу же соода борборлорунун карантинге жабылганына байланыштуу убактылуу жабылды.

Албетте, FINCA Банк үчүн азыр биринчи орунда кызматкерлерибиздин, кардарларыбыздын жана өнөктөштөрүбүздүн ден соолугу жана коопсуздугу турат. Ошол эле учурда биз кардарларыбызга финансылык кызматтардын үзгүлтүксүз көрсөтүлүшүнө бардык аракетибизди жасап жатабыз.

Учурдагы пандемиялык кырдаалда биз бул позицияны сактайбыз. Мындан тышкары оорунун алдын алуу жөнүндө маалыматты жайылтууга, кардарлар менен иштеген жайларды дезинфекциялоо аркылуу коопсуздукту камсыз кылууга жана калкка Банктын онлайн кызматтарын аралыктан колдонууну үйрөтүүгө кошумча жардам беребиз.

- Банктын кеңселерине барууга туура келген кардарларды жана кызматкерлерди илдеттен коргоо үчүн FINCA Банктын кеңселеринде кандай чаралар көрүлүп жатат?

- Биздин бардык кеңселерибизде инфекциянын жайылышын алдын алуу үчүн бардык тиешелүү чаралар көрүлүп жатат. Кардарларды кабыл алуу аймактарын дезинфекциялоо иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатат жана жалпы пайдалануу үчүн атайын санитардык каражаттар орнотулган, ошондой эле эпидемия убагында социалдык байланышты азайтуу максатында кеңселерде кардарларды тейлөөнүн кошумча эрежелери киргизилген: кардарлар 1 метр аралыкты сактоо менен тейленип жатат жана кеңсенин ичиндеги кардарлардын санына чектөө коюлган.

Кызматкерлерибиздин ден соолугуна кам көрүү максатында, Банктын 50 пайыздан ашыгы аралыктан иштөөгө которулду жана үйдө отуруп, Банктын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылып келишет. Кардарларды тейлөөнү улантып жаткан кызматкерлер жеке коргоо каражаттары жана унаалар менен камсыздалды.

- Ушундай оор мезгилде кардарларына жардам берүү үчүн Банк кандай чараларды көрүп жатат?

- Өлкөдөгү эпидемиядан улам киргизилген чектөөлөргө байланыштуу, бизден насыя алган кардарларыбыз жана көбүнчө чакан жана орто бизнестин ээлери өз ишин токтотууга аргасыз болушту жана учурда чоң финансылык кыйынчылыктарга туш болушту. Биз өз кезегинде Банк катары мындай кардарларды колдоо үчүн колдон келген аракетибизди кылып жатабыз. Биринчи күндөн тартып, биз насыя боюнча шарттарды кайра карап чыгуу үчүн кардарлардын кайрылууларын карай баштадык. Биздин адистер ар бир кайрылууну жеке карап чыгышууда. Ар бир кардар үчүн анын жагдайын эске алып, натыйжалуу чечим табууга аракет кылып жатышат.

Биз мындай кайрылууларды кабыл алуунун бир нече каналдарын түздүк:

  • Кардарлар кеңсеге барбастан биздин сайтыбызда насыянын шарттарын өзгөртүүгө арызды онлайн режиминде калтыра алышат;
  • Биздин күнү-түнү иштеп жаткан маалымат борборубузга да кайрыла алышат;
  • Же кардар өзүнүн насыя адисине кайрыла алат, адистер бардык мүмкүн болгон байланыш булактары аркылуу арызды аралыктан да кабыл алышат мисалы, кардар арызды колго жазып, аны сүрөткө тартып, WhatsApp аркылуу жөнөтсө болот.

Депозиттик кардарларыбыз жөнүндө айтсак, алар тынчсызданууга негиз жок. Биздин кардарларыбыз биздин эң ири эл аралык Банк экенибизди, уставдык капиталыбыз 2,5 миллиард сомдон ашык экенин билишет. Мындан тышкары FINCA Кыргызстандын рыногунда 25 жылдан бери үзгүлтүксүз иштеп келе жатат. Биз кардарларыбызга алардын депозиттеринин коопсуздугуна, ишенимдүүлүгүнө жана туруктуулугуна кепилдик беребиз.

Банк ар кандай кырдаалдарга карабастан, бардык кардарларга каражаттарды төлөп берүүнү жана пайыздарды чегерүүнү Банк менен түзүлгөн келишимдердин шарттарына ылайык жүргүзүп турат. Биздин кардарлардын бардык аманаттары депозиттерди коргоо боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан камсыздандырылган. Ошондой эле биз кардарларыбызга депозиттерин жана эсептерин Интернет-Банкинг же смс-билдирүү кызматы аркылуу аралыктан көзөмөлдөп туруу мүмкүнчүлүгүн беребиз. Ал эми депозиттеринин мөөнөтүн узартууну каалаган кардарларга биз кеңсеге барбастан, www.fincabank.kg расмий сайтыбыз аркылуу онлайн арызды толтуруу менен гана ишке ашырууну сунуштайбыз.

- Банк адамдардын кеңселерге баруусун азайтуу үчүн аралыктан көрсөтүлүүчү кызматтардын жана өнүмдөрдүн дагы кандай түрлөрүн сунуштай алат?

- Учурдагы кырдаалда коопсуздукту жана ден соолукту камсыз кылуу максатында, биз кардарларыбызга аралыктан тейлөөгө өтүүнү, аралыктан көрсөтүлүүчү кызматтарды жана өнүмдөрдү колдонууну сунуштайбыз. Бул кардарларга Банктын кеңсесине барбастан, өзүнүн финансылык каражаттарын аралыктан башкарууга мүмкүндүк берет.

Интернет-Банкинг, FINCA Элсом мобилдик капчыгы, FINCA Элкарт банктык карталары, төлөм терминалдары сыяктуу банктык өнүмдөрдү колдонууну жөн гана сунуштап койбостон, аларды кантип колдонууну да үйрөтөбүз. Бүгүнкү күндө биздин адамдар ар кандай себептерден улам мындай заманбап санариптик чечимдерди колдонуу үчүн накталай акчалардан жана кеңселерге баруудан толук баш тартууга даяр эмес экендиги анык. Азыр мындай муктаждык келип чыкты жана биз кардарларыбызды Банктын кеңселерине барбастан, банктык операцияларды үйдөн жүргүзүүгө чакырабыз. Ооба, бул азыр баарына жеткиликтүү жана абдан оңой. Эгер сиз муну кантип аткарууну билбей жатсаңыз, анда биздин сайтыбызда бардык керектүү көрсөтмөлөр жайгаштырылган.

- Банк кризистин кесепеттерин кантип жеңүүгө ниеттенип жатат? Кызматкерлер эмгек акысыз калбашы үчүн жана жоготууларды азайтуу үчүн Банк кандай аракеттерди көрүп жатат?

- Биринчи кезекте, Банк жана кызматкерлер бардык кыйынчылыктарга карабастан, өз ишин улантып жатышат жана кызмат толук өлчөмдө көрсөтүлүп жатат. FINCA Банк социалдык жоопкерчиликтүү, анын ичинде кызматкерлери үчүн социалдык жоопкерчиликтүү банк болуп саналгандыктан, эмгек акыны кечиктирбестен, өз убагында төлөп келет. Аралыктан иштеп жаткан кызматкерлер да эмгек акысын 100 пайыз өлчөмдө алышат. План боюнча акы төлөнүүчү эмгек өргүүгө чыгышат. Өзгөчө кырдаал режими алынгандан кийин да биз өлкөнүн тургундарына кызмат көрсөтүп, ишибизди уланта беребиз. Ал эми соода борборлорунда жана базарларда жайгашкан жана бүгүнкү күндө убактылуу иштебей турган биздин тейлөө түйүндөрүбүз да дароо ачылып, өз ишин мурунку режимде улантат.

- Биз, FINCA Банк эч качан четте калбашын жана дайыма көптөгөн социалдык долбоорлорду үзгүлтүксүз ишке ашырып келе жатканын билебиз. Коронавируска байланышкан жагдайда кандай болот? Банк бул инфекция менен күрөшүүдө өлкөгө жардам көрсөтүүнү пландап жатабы?

- Биз дүйнөлүк экономикалык туруктуулуктун башкы көйгөйү болуп турган жана Кыргызстандын тургундарынын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудуруп жаткан коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө колубуздан келген салымыбызды кошууну милдетибиз деп эсептейбиз.

FINCA Банк адамдардын дем алуу системинин үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылууга арналган медициналык жабдууларды сатып алууга 3 миллион сом бөлдү. Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, азыр бул жабдуу абдан керек.

Жабдуулар сатып алынды, алар вирустук инфекция менен күрөшүп жаткан жана бул жабдууга муктаж болуп турган медициналык мекемелерге, жарандарыбыздын ден соолугун, өмүрүн сактап калуу үчүн бул оору менен өз өмүрүн тобокелге салып, күрөшүп жаткан биздин медициналык кызматкерлерибизге жардам катары өткөрүп берилет.

Мындан тышкары биздин кызматкерлерибиз да четте калбастан, өз ыктыярлары менен каражат топтоону демилгелеп, уюштурушту. Топтолгон акчага биз азык-түлүктөрдү сатып алып, муктаж үй-бүлөлөргө өткөрүп бердик.

Сөзүмдүн аягында, бул кыйынчылыктардын баары убактылуу жана коронавируска байланыштуу кырдаал оңолуп, баарыбыз мурунку жашообузга кайра келебиз деп айтар элем! Себиби биз бирге баарын жеңебиз!

Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүп, вирусту алдын алуу чараларын сактаңыз жана мүмкүн болушунча үйдөн чыкпаңыз!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан