Быйылкы садага-битирдин баасы аныкталды

2020-жылга карата садага-битирдин баасы аныкталды. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

"Учурда баалардын туруксуздугуна байланыштуу садага-битирди берген учурда 1 килограмм 600 грамм (буудай, ун, мейиз) же 3 килограмм 200 грамм (арпа, курма) баасына ылайык кылып, ар бир адам башына эсептөө керек.

Учурда буудайдын баасы орточо 21 сом 8 тыйын (садага-битирдин жалпы баасы 35 сом), мейиз 240 сом (садага-битирдин жалпы баасы 384 сом), ун 37 сом 50 тыйын (жалпы баа 60 сом), арпа 17 сом (жалпы баа 54 сом), курма 160 сом (жалпы баасы 512 сом).

Эскертүү: Садага-битир берүүчү адам жогоруда көрсөтүлгөн баалардын кайсынысынан чыгарса өз ыктыяры. Бей-бечара, муктаждардын пайдасы үчүн көбүрөөгүнөн чыгаруусу абзел", - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, 2020-жылы Орозо айы 24-апрелден башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Mirlan27011987
2020-04-18 14:46:25
Жаштардын сабатсыздыгын жою керек. Молдолор динчилдерди чыдамдуулука, мээримдуулуко уйрото алган жок. Динчилдер биринчи сабырдуулукту, чыдамдуулукту уйросонор. Бир пикир айтып койсо атеистсин, тенирчисин, християнсын, каапырсын, желмогузсун деп бироону ооз алгыз создор менен сокпой.
+3
erlan2196
2020-04-18 15:37:16
Муфтият оюна келген шариятты ойлоп чыгара бербеш керек.
-1
Kuyoo_bala
2020-04-21 17:58:37
Мен тушунбодум,канча беришим керек мен садага-битир?тушунгондор жазып койгулачы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан