Таласта жеңил унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталып, 3 адам ооруканага кайрылышкан

Таласта 3 унаанын катышуусундагы жол кырсыгы тууралуу видео интернетке жарыяланды. Кырсык мындан 2 күн мурда болгонун Талас облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалымат кызматынан кабарлашты.

"Жол кырсыгы 17-апрелде саат 15:30 чамасында Талас районунун 15-жылдык айыл өкмөтүндө орун алган. Анда Матиз үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, каршы тилкеде келе жаткан унаалар менен сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 3 жаран жаракат алып, ооруканага кайрылган. Анын экөөнө биринчи жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйлөрүнө чыгышса, бир жабырлануучу ооруканада дарыланып жатат. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда", - деди мекеменин басма сөз катчысы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан