Мас абалында унаа башкарганы үчүн 17 миң сомдон ашык айып пул салынды. Ош облусу боюнча коменданттык саатты бузган 12 адам кармалды

Бүгүн, 19-апрелде Кара-Суу районунун акими Тилекбек Матраимов жана Ноокат районунун акими Давранбек Маматалиевдин катышуусунда онлайн маалымат жыйын беришти.

Жыйында жалпы Ош облусу жана өзгөчө абал киргизилген аймактарда 18-апрель саат 21:00дөн 19-апрель саат 06:00гө чейин коменданттык сааттын эрежелерин бузган 12 адам кармалган.

Анын ичинен:

Ош шаарынан - 1 аял киши;

Ноокат району боюнча - 1 чет элдик жаран.

Коменданттык сааттын талаптарын бузгандарга бузуулар кодексине ылайык, 5 жаранга протокол толтурулуп, айып пул салынды. Ал эми 4 жаранга жоруктар кодексинин негизинде кылмыш жоопкерчилиги каралды. Учурда текшерүү жүргүзүлүүдө. Дагы 3 жаранга эскертүү берилди.

Мыйзамды бузган жалпы 12 адамдын ичинен мас абалында унаа айдап кармалган 4 жарандын ар бирине 17 миң 500 сом өлчөмүндөгү айып пул салынды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан