Бир сутка ичинде өлкө боюнча медицина тармагынын 2 кызматкеринен коронавирус инфекциясы аныкталды. Республикалык штабдын маалыматы боюнча, алардын бири Жалал-Абадда, экинчиси Ысык-Көл облусунда катталды.
Ал эми бир суткада стационардан – 6, үй карантининен - 6 медкызматкер чыгарылган.
Өлкө боюнча медицина тармагынын жалпы 4 миң 149 кызматкери оорудан жабыркаса, алардын ичинен 4 миң 26сы сакайды.