Аламүдүн районунун айылдарынын биринде бейбаштык фактысы боюнча сотко чейинки териштирүү башталды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 18-апрель күнү саат 20:47 чамасында Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Арашан айылындагы постто белгисиз адамдар бир нече ок атып, андан соң из жашырып кетишкени боюнча маалымат түшкөн.
"Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, саат 14:30 чамасында белгисиз 9-10 адам посттон квадрацикл менен өтүүгө аракет кылгандыгын аныкташкан. Мындан улам жергиликтүү тургундар, ыктыярдуу кызматчылар аларды посттон өткөрбөй коюшкандыктан, алар жаңжал салып, бир нече жолу ок чыгарып, белгисиз тарапка качып кетишкен.
Учурда окуянын бардык жагдайлары такталууда. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.