Эпидемиологиялык абалдын кыйындашынан улам Орусияда каза болгон жарандардын жансыз денесин Кыргыз өлкөсүнө алып кетүү боюнча кайрылуулар көбөйүп жатканын Кыргыздын Орусиядагы элчилиги маалымдады. Маалыматта айтылгандай, бүгүнкү күнү Казакстан аймагы аркылуу автоунаа менен каза болгон жарандардын сөөгүн алып өтүү маселеси чечилди.
"Ушул жылдын 17-мартынан 19-апрелге чейин 17 адамдын жансыз денеси Кыргыз өлкөсүнө жөнөтүлдү. Ошону менен бирге Орусия жана Казакстан тарап менен болгон макулдашууга ылайык "Жүк 200" атайын жабдылган автоунаада, тийиштүү документтери менен, бир жакын адамынын коштоосунда өткөрүлө тургандыгын белгилейбиз", - деп жазылат маалыматта.
Кырдаалга байланыштуу бардык маселелер боюнча элчиликтин Call-борборуна төмөндөгү телефондор аркылуу чалып, кайрылуу калтырууга болот:
+7 (499) 237 43 01;
+7 (499) 237 44 61;
+7 (925) 387 41 27 – мобилдик (вотсап);
+7 (925) 387 45 97 – мобилдик (вотсап);
+7 (925) 103 29 11 – мобилдик( вотсап).