Бүгүн, 28-мартта Жалал-Абад жана Сузак району боюнча комендант болуп дайындалган Жеңишбек Жоробеков аталган аймактагы жарандардын көпчүлүгү өткөрмө кагаз алуу тууралуу кайрылып жатканын билдирди.
"Бизге кайрылган жарандардын 90 пайызы өткөрмө кагаздарын алуу боюнча кайрылып жатышат. Уруксат берүүнү болушунча кыскартуудабыз, анын ичинен алгачкылардан болуп медициналык кызматкерлерге, алардын унааларына жана милиция кызматкерлерине берип жатабыз. Ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлик органдарынын жетекчилери менен түз байланышып, кызматкерлерге канчалык деңгээлде өткөрмө кагазы зарыл экендигин карап, анан берип жатабыз", - деп билдирди Жоробеков.