Бүгүн, 20-апрелге карата коронавирус боюнча өлкөдөгү абал, статистикалык көрсөткүчтөрдү саламаттыкты сактоо министринин орун басары айтты. Анда министрдин орун басары Нурболот Үсөнбаевге "карантинди майдын ортосуна чейин узартуу зарылчылыгы жаралган жокпу?" деген суроо берилди.
Үсөнбаев азырынча бул суроого жооп айтуу оор экенин билдирди.
"Калкка карата азыр коюлуп жаткан чектөөлөрдүн баары эпидемиологиялык абалга жараша болуп жатат. Бул бир гана биздин өлкөдө эмес, вирус жайылган бардык өлкөлөрдө колдонулуп жаткан ыкма. Биздин өлкөдө коронавирустун жайылышынын туу чокусу болот деп божомолдонгон даталар бар, ошол күндөрдөн өткөндөн кийин карантин узартылабы же жокпу анык болот", - деди министрдин орун басары.
Буга чейин инфекция эң көп жайылган учур өлкөдө 20-24-апрель күндөрүнө туш болот деген божомолдор айтылган.