
Өлкөнүн бардык аймактарында зордук-зомбулукка кабылган балдарга жардам берүү борборлору иштеп жатат. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Эмгек жана социалдык өнүктүрүүнүн райондук, шаардык башкармалыктары өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режиминде балдарга жана алардын ата-энелерине аралыктан психологиялык жардам көрсөтүү боюнча ишин уюштурууда.
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдында күнү-түнү 111 ишеним телефону иштөөдө (чалуу акысыз).Ошондой эле өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулукту болтурбоо үчүн кризистик борборлор иштеп жатат:
• Бишкек шаары: 0709 710 320 – Жапаралиева Адинай;
• Нарын облусу: 0700 257890 – Саякбаева Света, 0708 747 274 – Султанбекова Асыл;
• Талас облусу: 0707 484 713 – Турукманова Зарина;
• Ысык-Көл облусу: 0553 835 717 – Асанбаева Дарика, 0706 383 637 – Эмил кызы Майрам, 0551 733 390 – Мария Личаню;
• Жалал-Абад облусу: 0776 089 181 – Нуракова Мимоза, 0559 803636 – Максименко Любовь;
• Ош жана Ош облусу: 0550231329 - Асилбекова Дарика, 0557 175 780 – Онкошова Гульнара, 0776 380 777 – Ештаева Наргиза, 0555 281 423 – Абдылдаева Октомкан;
• Баткен облусу: 0777 393 077 – Мамбетова Токтокан, 0772 369 473 – Кадыралиева Бушар.