Бир суткада 98 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Анын ичинде Бишкек шаары – 38, Ош шаары – 2, Чүй облусу – 43, Талас облусу – 1, Ысык-Көл облусу – 9, Жалал-Абад облусу – 3, Баткен облусу – 2.
Жалпы коронавирус менен ооругандардын саны 199 миң 617ни түзөт.
308 бейтап илдеттен сакайып чыкты.