Төкмө акындардын төрөсү болгон акын, обончу, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Элмирбек Иманалиев бүгүн, 17-январда көзү тирүү болсо 43 жашка толмок.
Акын 1978-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районундагы Чоңко айылында төрөлгөн.
ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫ
3 жашында тамга тааныган болочоктогу акын кээде оюнан чыгарып "Манас" айткан. Элмирбек Иманалиевдин төкмөлүк өнөргө болгон кызыгуусу мектеп жашынан эле башталган. Алгач 6-класста окуп жүргөн кезинде колуна комуз алып, калың элдин алдына чыккан. Акындын бул жоругу төкмө акын Тууганбай Абдиевге жетип, улуу акын жаш талантты борборго алдырган.
Элмирбек Иманалиев 1993-жылы 15 жашында "Ак таңдай-1993" фестивалында баш байгени жеңип алган. Андан ары билимин жогорулатуу максатында 1992-жылы Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын эки жылдык студиясына тапшырып, аны 1994-жылы аяктап, кайра 1999-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун фольклор бөлүмүнө тапшырып, 2004-жылы окуусун аяктайт.
Акындын белгилүү "Булбулум", "Аруузатым", "Жалгыздыктан тажап бүттүм", "Коштошуу вальсы" деген ырлары кыргыз ырларын сүйүүчүлөрдүн жүрөгүнөн түнөк тапкан. Мындан сырткары төкмө акын прозалык чыгармаларды жазып, дастан, санат ырларын аткарып келген.
ЖЕКЕ ЖАШООСУ
Ак таңдай акын 1994-жылы маркум ырчы Гүлбү Ороскул кызына жолугуп, 1995-жылы үйлөнөт. Тилекке каршы, чыгармачылык табыштырган жубайлар 2 кыздуу болуп ажырашып кетишкен. Маркум Гүлбү Ороскул кызынын мурунку жолдошу Элмирбек Иманалиев тууралуу:
"Элмирбекке талантты Кудай берген. Андай талантка, өнөргө эгедер адам сөзсүз өз ордун табат, ташты жарган чөп сыяктуу өнүп чыгат. Андыктан анын мындан ары да бийиктиктерди багындыра беришине тилектешмин", - деп айткан мындан бир нече жыл мурун.
Кийин төкмө акын турмуш жолун Нурзат аттуу айымга байлаган. Алар 2 уул жана 1 кызды тарбиялап келишкен. Анын уулдары тууралуу айтканынан: "Улуу балам Эрлан мен сыяктуу комузду эч кимден үйрөнбөй эле күүлөгөндү, черткенди билип алды. Ал эми кичүү уулум Адылханды "кичинекей Элмирбек" деп эл көп айтат" дегени бар.
НААМДАРЫ
2010-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти;
2016-жылы өлкө президенти Алмазбек Атамбаевдин колунан "Кыргыз Республикасынын Эл артисти" наамы менен сыйланган.
МАЕКТЕРИ
"Кудайдан жашыра албаган нерсени адамдардан жашыргым келбейт. Жүрөгүмдө болгон нерсени айтканды жакшы көрөм. Кээде селсаяктардын жашоосу кызыктырып, алар менен аралашып, отуруп калган күндөрүм болгон", - деген мектеринин биринде.
Ал эми төкмө акындын бир тууган эжеси Нурайым Иманалиеванын "Супер-Инфо" гезитиине берген маегинде иниси дайыма жума күндөрү ыйлай турганын айткан.
2007-жылы митингде ырдагандан кийин коркутуулар, аңдуулар башталганы тууралуу дагы маектеринин биринде айткан.
Элмирбек Иманалиев - "Аруузатым"
Элмирбек Иманалиев "Ай секет"