Кайың ыйлап, тал ыйлап, бүтүн кыргыз баары ыйлап... Акындын алпы Элмирбек Иманалиевди замандаштары жоктоп жатышат

Кечээ, 20-апрелде акындардын алды болгон, азыркынын Токтогулу аталган Элмирбек Иманалиев кырчындай 42 жашында жарык дүйнө менен кош айтышты. Кыргыз-казак элинин эрмеги, эркеси болгон акынды азыркы тапта эки элдин эли бирдей жоктоп, каңырыгы түтөп турган кез. Интернет колдонуучулар акынды эскерип, айрымдары бүтүндөй кыргыз элинде аза күтүү күнү жарыяланышы керек деген да сунуштарын айтышууда.

Акындын чыгармачылыктагы өнөктөшү, бармактайынан өнөр кампасында бирге чоңойгон досу Жеңишбек Жумакадыр акынга төмөнкү ыр саптарын арнаган:

Түшүмө чындап кирдиңби досум,
Түгөнөр кезди билдиңби досум?
Түйшөлтүп сени ызгаардуу дүйнө,
Түбөлүк жайды сүйдүңбү досум.
Кучактап жыттап албайт бир белем,
Кууратар күндү ким билди досум.

Катылган сырлар бир эле досум,
Казына ырлар миң эле досум.
Өнөрдүн анык тулпары элең,
Өзүңө жетчү ким эле досум.
Өкүрүп турам өзүмө келбей,
Өкүнтүп кеттиң чын эле досум.

Табылбайт кымбат сага кеп досум,
Тагдырым экен санаа көп досум.
Суйкайган кыздар, балдарың кантем,
Сурашса атам кана деп досум.
Өзгөлөр билбес кадырдын баркын,
Өзүмдү кошо ала кет досум.

Жан дүйнө калды термелбей досум,
Жашайбыз эми сен келбей досум.
Эш тутуп залкар билчү эле калкың,
Эшмамбетти көргөндөй досум.
Токтобойт көз жаш кабырга сыздап,
Токтогул кайра өлгөндөй досум.

Ойлоруң тунук накта эле досум,
Обонуң муңдуу башка эле досум.
Көөнөрбөс өнөр сендеги бүткөн,
Көрүнүп турган кашка эле досум.
Кылымды көрөр алтындай башың,
Кырк эки гана жашта эле досум.

Замандын айткан чындыгын досум,
Санатың жашайт миң кылым досум.
Жылт эткен өмүр бизде да бүтөр,
Жылмайып күтүп тургунуң досум.
Коштогон арман кургурум досум,
Кош эми Элмир булбулум досум...

Белгилүү жазуучу Жакшылык Асанов:

Ажалдын огу жаңылбайт,

Кайгыдан адам айрылбайт...

Эх, десең элин сыздатып

Элмирбек эми табылбайт...

Обончу, аткаруучу Түмөнбай Колдошев бүгүнкү таң акынды жоктоо менен башталганын жазып, аны эскерди:

"Төкмө жана жазма акындар, манасчылар, актёрлор, ырчылар деги өнөр адамдары, арабыздан залкарыбыз узап баратат. Жылдыздуулар, үндүүлөр, комузчулар, манасчылар, ырчылар, обончулар көп, бирок ушунча өнөрдүн баарынын башы бир адамда бириккени сейрек болот эле. Мындай төгөрөгү төп келгендер кыргызда чанда болчу...
... Элмирбек аке, дайым жылмайып гана жүргөн, эч бирөөгө бирөөнү жамандабаган, мырза киши эле. Айтыштан кетип, шакирт тарбиялайын, устаттык милдетти аткарайын деп, үй-бүлөсүнүн ач-тогуна карабай кыргыздын жаш таланттарын өстүрүүгө бел байлады эле...

Бүгүнкү таң ушинтип чоң талантты жоктоо менен башталды. Өлүм ак! Өлүм улук! Кудайдын амирине эч кимибиз каршы чыга албайбыз... Кудай суроо-жообун жеңил кылсын, бейиши бол элдин уулу! Сизге бүтүн жумурай журт дуба кылат. Сиз элдик адамсыз, элдин уулусуз, улуттук брендсиз! Талантыңды сүйгөн кыргыз-казактын баары өксүп-өксүп ыйлап турган кези.

Кош, Элмирбек аке! Топурагың торко болсун!".

Көптөгөн айтыштарда калыстык кылып жүргөн Кыргыз Республикасынын Эл артисти Саламат Садыкова да акынды төмөндөгүдөй эскерген:

"Кайран булбулум эсил кайран дулдулум эй... Сөздүн пирин тааныган, акындыгы, асылзадалыгы бар эле... Миңден бөлөкчө нагыз тулпар эле... Бири-эки жакшылыктарда көрүп жүрдүм, негедир муңайым маанайы басмырт, жасалма бай менен бийге жагынбас акын эле... Алдың бейиш, артың кениш, кабырын жарык болсун ак таңдайым...".

Жаш акын Бердибек Жамгырчиев:

Жадырап ар мүнөттө карап өткөн,
Кана жаз? Кана жаштык? Кана көктөм?
Ушунча жакшы адам да болчу беле,
Тирүүлүк шаңын кошо ала кеткен...

Көптөгөн интернет колдонуучулар акындын өзүнө таандык болгон ыр саптары менен эскерип, Элмирбек Иманалиевдей өнөр ээлери кыргыздын бактысына бир жаралган талант экенин жазышууда. Элдин кейигени өзгөчө абал учурунда ак таңдай акын менен коштошуп, акыркы сапарга узатууга көп адам бара албайт. Акындын сөөгү эртең "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
nazira1989
2020-04-21 10:36:31
Аллах Таала баардык билип билбей кылган куноолорун кечирип,карангы корун жарык,сурактарын женил кылып,бейиштен жай берген болсун.
Жаткан жери жайлуу болсун Элмирбек ага...(
+14
nuke-85-85
2020-04-21 10:37:40
Олду Элмир, жургон каны токтогон, Бир жылт этип ай, жылдызга окшогон. Кара жердин карыш жери кетпейт го, Бети жок ай, жер уялбайт ошондон.
+12
katerina.li
2020-04-21 10:42:37
Жаткан жери жайлуу болсун. Ото эле эрте кетип калды.
+4
Kylychisa
2020-04-21 10:46:41
Жаткан жере жайлуу болсун кыргыз эли унутпайт Элмирбекти Токтогулдай эле
+10
filis
2020-04-21 11:13:15
Жаткан жери жайлуу болуп, жараткан Тенир жакшылыкты гана берсин.
-7
bond02
2020-04-21 11:34:18
Сабыр кылгыла эми.
+6
Arstan18.18
2020-04-21 14:36:32
Эх(
+2
kansuluu
2020-04-21 14:46:48
Жүрөгүм ооруп кетти,жайы жаннаттан болсун.Жакындарына көңүл айтам.Айтыштын ЖҮРӨГҮ болчу!!!!
+3
LunaSun
2020-04-21 16:43:36
Мне настолько больно и одиноко когда умирают хорошие люди. Ведь земля нуждаются в них больше чем небо :(
+1
LunaSun
2020-04-21 16:44:12
билем орусча жазганга болбойт, бирок журогумдогу созду ушул фраза менен гана жеткире алдым.
+1
Muslim1990
2020-04-21 16:52:28
Чын эле таштап кеттиңби ага.
Шум ажал жаның алдыбы ага.
Уккандан бери токтобойт жашым
Ачышып жүрөк ооруду ага

+2
Muslim1990
2020-04-21 16:59:02
Сүрөсүн окуп Курандын ыйык
Кыламын дуба өзүңө ага
Ар намаз сайын дубаны кылып
Бейиштен орун сураймын сага.
+2
Tolik777
2020-04-21 19:17:09
арты кайырлуу болсун. Аттин залкар акын эле. Чыныгы сыймыгы кыргыздын.
0
Gukush8993
2020-04-21 22:39:18
Уй булосу жонундо эмне айтпай жатасыздар артында канча баласы калды туягы бар беле
0
Tazah
2020-04-21 23:32:23
Кыргыздын бир жылдызы очту.Атаганат дунуйо. Жараткан алахым рахматына алсын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан