Төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат

Кечээ, 20-апрелде Кыргыз Республикасынын Эл артисти, ак таңдай акын, обончу Элмирбек Иманалиев оорудан улам каза болгон. Акындын сөөгү эртең, 22-апрелде жерге бериле турганы белгилүү болду. Бул тууралуу Элмирбек Иманалиевдин күйөө баласы Мирзат Муканов билдирди.

"Бардыгына жооп берип жетише албайт экем. Атам эртең, 22-апрелде саат 11де Тунгучтан чыгарылат. Сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат. Бирок бул чакыруу эмес. Аз киши болсун деп жатышат, туура түшүнөбүз", - деп билдирүү калтырды Муканов.

Акын 1978-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районундагы Чоңко айылында төрөлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
elebes86
2020-04-21 09:39:47
Кыргыздын Калыгулбай сыяктуу олуялары десек болот.
+17
Shabi
2020-04-21 10:15:47
Ишенсениздер Э.Иманалиев агабыздын ыры менен ойгонгом.себеби телевизордо маданият каналында дастан айтып жатыптыр.бир топко угуп жаттым, телефонду колго алып интернетке кирсем эле,каза болду деген жаман кабарды уктум.Ишене албай уйдогулордон,ырдап жаткан Э.Иманалиевпи деп сурадым.Талантын ото баалайм,ырларын суйуп укчумун,айла жок жаткан жери жайлуу болсун.
+6
Samatalibei
2020-04-21 10:33:14
Элимдин жүрөгүнөн орун алган.
Элмирбек жылдыз элең күйүп жанган.
+14
filis
2020-04-21 11:14:24
Тенирим жаткан жерин жайлуу кылсын.
-4
Mina24
2020-04-21 11:20:54
Алла талаа жаткан жерин жайлуу бейишинен орун
бер кандай коноргус талант элен ай арман кун ажалдан качып кутула албайт экенсин да кош ала тоо уулун кетти бейишке
+4
ALATOOLUK.JIGIT
2020-04-21 13:15:22
Эмне себеп болду экен?
0
Arstan18.18
2020-04-22 00:26:16
ALATOOLUK.JIGIT, сахарный диабет
+1
Ka2sr1
2020-04-21 19:13:29
Жаткан жери жайлуу болсун. Тенирим ыраазы болсун.
0
aika2013
2020-04-22 07:30:58
Аллах Таала рахматы болсун Эльмирбек агабызга!сурак сабалын женил кылып, жаткан жерин Фирдаустун бакчалары болсун!уул кыздарына сабыр канаат тилейбиз! ПЕНДЕЧИЛИК (((
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан