Бишкектеги Аламүдүн суусунан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Кырсык тууралуу маалымат куткаруучулардын нөөмөт бөлүмүнө 20-апрелде келип түшкөн.
"12-кичи районундагы Аламүдүн суусунда кебетеси азиялык болгон 40-45 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине 5 куткаруучу тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти", - дейт мекеменин басма сөз катчысы.