Бүгүн, 21-апрелде Ош шаары, Кара-Суу жана Ноокат райондорунун коменданты Малик Нурдинов жана Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев облустагы абал тууралуу онлайн маалымат жыйын берүүдө. Анда облус аймагындагы акыркы абал боюнча маалымат берилип, өкмөт өкүлдөрү жарандардын суроолоруна жооп берип жатышат.
Анда жаран Каратаевге төмөнкүдөй суроо менен кайрылды.
"10 миң киши чет өлкөдөн келе турганы айтылып жатат. Алар обсервацияга алынабы жана анын шарттары кандай?".
"Бул маселе боюнча өкмөт өзү көзөмөлдөп жатат. Аларга орундар жетиштүү. Чет жактан келген жарандар бири-бирине жуктурбаш үчүн өзүнчө обсервацияга алынат. Ал эми обсервацияда 200 орун бар экен, ал жакта жаткандар бири-бирине жуктурат экен деп айтылып жаткан маалыматтар туура эмес", - деди Каратаев.