Коронавирустан жана пневмониядан каза болгондорду жерге берүү боюнча бир канча эрежелер айтылды. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымат таратышты.
"Дүйнөлүк саламаттыктты сактоо уюму берген расмий маалымат боюнча коронавирустук инфекциядан жана пневмониядан каза болгондордун сөөгү белгилүү бир талаптар сакталса, башка адамдар үчүн коркунучтуу эмес. Вирус тышкы чөйрөдө 3-4 саат аралыгында жок болуп кетет. Ага карабастан, бардык алдын алуу чараларын сактоо зарыл.
Эгерде адам коронавирус же пневмониядан каза болсо, эмнеге көңүл буруу керек? Эгерде адам ооруканада каза болсо, бардык тийиштүү процедуралар медицина кызматкерлери тарабынан жүргүзүлөт. Медкызматкерлер толугу менен маркумду көмүүгө даярдап, аны жууп кепинге ороп, кошумча полиэтилендик кездемеге ороп, өлүккананын короосунда эле жаназасын окушат. Ошол жерден дароо эле көрүстөнгө алып кетүү керек. Кепинге орогондон кийин, аны кайра ачып, коштошууга болбойт.
Эгерде маркум үйдөн каза болсо, санитардык дарыгерлердин айтканын так аткаруу зарыл. Ошондой эле, медициналык көрсөтмө боюнча дезинфекция процедураларын, өздүк гигиенаны сактап, бет кап жана кол кап кийүү кажет.
Башка сунуштар жана чектөөлөр: