Тилиңден асел төгүлүп турчу, жүзүңдөн жылдыз көрүнүп турчу. Элмирбек Иманалиевге акындар ыр арнашты (видео)

Кечээ, 20-апрелде ак таңдай акын Элмирбек Иманалиев 42 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. Азыркы тапта кыргыз эли кыраанынан ажырап, кан жутуп турат. Социалдык тармактарда акындын эли, замандаштары эскерүү постторун жазып жоктосо, акындар калеми аркылуу ыза-муңун чыгарып жатышат.

КОШ, ЭЛМИКЕ

Аскадан улар учтубу,
Армандын келип учкуну.
Адамдын элең асылы,
Алкымдап ажал жуттубу?

Күйүттөн минтип жарылдык,
Кара түн сага кабылдык.
Коштошо албай буркурап,
Кайгырып калды калың журт!

Жарк этип жанып асманда,
Жалп этип өчтүң арманда.
Оо дүйнө салып узадың,
Ичээр сууң бүтүп калганда.

Өрүктүн гүлү күбүлдү,
Өрөпкүп элиң бүгүлдү.
Өрүктөн чапкан комуздун,
Өлүмдөн кылы үзүлдү!

Туйгуну кетип кыргыздын,
Жарыгы өчтү жылдыздын.
Буроосу сынып комуздун,
Үнү да өчтү булбулдун.

Булбулдун үнү өчтүбү?
Кайгыга журтум чөктүбү?
Булбулум ай, деп жүрүп,
Буулуккан бойдон кеттиби?

Улардын үнү өчтүбү?
Улуу журт муңга чөктүбү?
Улутунган бойдон, оой,
Шум ажал алып кеттиби?

Тыйынды жигит эңбейби?
Кеткендер кайра келбейби?
Кош, эми кош бол, Элмике,
Жоготуп алдык сендейди!

Кош эми, кош бол акыным,
Жоготуп алдык сендейди.

Автор: Баяман Нурбек

ӨМҮР

Жай алып канча өмүрлөр жер энеден,
Жашоодон жандар өттү ченебеген,
Жакшылар жакшылыктын жолу болчу,
Жамгырдай арууланып себелеген...

Өмүрдүн кечээ аткан таңы кана?
Көңүлдүн өчпөйт деген шамы кана?
Сыйыртмак саласыңбы сен ажал эй,
Сый көрүп баштаганда жаңы гана.

Жакшыга жашты деле көп берсе не,
Дарактай далай жылга көктөйт эле,
Түн менен кошо узап кетет беле,
Татыбай тирүүлүгүң эч нерсеге.

Ишенгим келген эмес, жалган дешсе,
Өлүм чын, далайларды алган дешсе,
Тумандар каптайт тура бир заматта,
Жылдыздар эми гана жанган кечте.

Жашоонун тоголонгон ташындайбыз,
Жамгырдын бир төгүлгөн жашындайбыз.
Өзүбүз өлбөчүдөй жүргөн менен,
Өлүмгө саат санап жакындайбыз.

Сен өмүр, буудан аттай алкынасың,
Сен өмүр, алыстаган каркырасың.
Өзүңдү табуу кыйын, жоготуу оор,
Бир ирмем элесиңди калтырасың.

Буулугуп бул дүйнөгө батпагандар,
Үшкүрүк толтурдуңар демибизге.
Карааны алыстаган жакшы адамдар,
Кайрылып келбейсиңер эми бизге.

Күн болуп кайра чыкпай баттыңарбы,
Чындыкты ошол жактан таптыңарбы,
Чымынга зыяны жок жандар эле,
Жер эне үшүтпөгүн жакшыларды.

Жер эне, чексиз мээрим, кубатың бар,
Көз жетпес тереңине кулачың бар.
Өксүтпөй карай көргүн ал дүйнөдөн,
Өзүңө эрте кетти бул асылдар!
Жай алып канча өмүрлөр жер энеден,
Жашоодон жандар өттү ченебеген!

Автор: Бердибек Жамгырчиев

БҮТҮНДӨЙ ЗАМАН-ДООР КЕТТИ, АРМАН

Жакшынын саны суюлуп турат,
Жабыгып көөнүм буюгуп турат.
Чымындай жаны Аллага кайтып,
Чынарың, кыргыз, кыйылып турат.
Акынды жоктоп бозоруп-боздоп,
Ай-аалам муңдуу туюлуп турат.
Артыңдан эми чын баркың билип,
Армандар ичте жыйылып турат.
Жараткан, кечир! Бейишиң бер деп,
Жалпы журт ыйлап, сыйынып турат.
Элимден да бир бийик тоо кулап,
Көзүмдөн жашым куюлуп турат.

Тилиңден асел төгүлүп турчу,
Жүзүңдөн жылдыз көрүнүп турчу.
Жүрөккө толгон ак сүйүүң балкып,
Өнөрүң менен өрүлүп турчу.
Талантың айдай жылдыздуу түндө,
Таптаасын болуп бөлүнүп турчу.
Жарышка түшсөң тулпарың туйлап,
Намысты бербей теминип турчу.
Нарк-насаат айтсаң жандүйнө жаркып,
Көңүлгө кубаныч себилип турчу.
Деңиздей терең мааниңе муюп,
Аскалар дагы чөмүлүп турчу.

Карарып асман түнөрдү минтип,
Кайгыга салып бир элди минтип.
Алкынып учкан ак шумкар кулап,
Аманат өмүр түгөндү минтип.
Мээримсиз ажал тооруду минтип,
Мүрөктүн суусу соолуду минтип.
Маарага дайым алдыда келчү,
Дулдулдун жону жооруду минтип.
Таскактай сызып соңуна жетип,
Түгөттүң даңгыр жолуңу минтип.
Таппайбыз эми асылды сендей,
Издеген менен ааламды тинтип.

Арадан залкар зор кетти, арман,
Агылган улуу кол кетти, арман.
Колдо бар алтын бааланбай балким,
Билинбей баркы шор кетти, арман.
Бир акын жана бир инсан эмес,
Бүтүндөй заман-доор кетти, арман.
Келген соң кайра кетмейиң чындык,
Бул дүйнө закым, бул дүйнө жалган.

Намыска дайым турчусуң чамдап,
Пейилиң болчу тоолордой калбаат.
Өмүрдү бекер коротпой бошко,
Рухтан кеттиң казына камдап.
Мунара курдуң жандүйнө үчүн,
Ой, сөздүн жалаң гүлдөрүн тандап.
Уланат жашооң тарыхта эми,
Жеңижок, Коргоол, Барпыны жандап.

Автор: Нуржигит Кадырбеков

Акындын чыгармачылыктагы өнөктөшү, бармактайынан өнөр кампасында бирге чоңойгон досу Жеңишбек Жумакадыр да маркум акын досуна ыр арнаган.
Акындын сөөгү эртең, 22-апрелде "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
akmanai
2020-04-21 21:48:12
Жакшы адам эле. Салмактуу эле. Адамгерчиликтууугун коруп билгендер айтып журушчу. Айла жок. Журоктор канап, каректер ыйлап атат. Билбегенге катардагы бироо олду, билгендерге кыргыздан бир жылдыз очту. Ордун кантип ким менен толтурабыз эми. Айла жок. Таланты, адамдык асыл сапаттары калган омуру артында калган туяктарына, кыздарына буюруп атанын уулу болуп, боксобузду толтурушса экен.
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан