Новосибирск-Бишкек каттамы бүгүн, 21-апрелде учат деген маалыматтар айтылып, бирок ал тастыкталган эмес. Азыркы тапта ал жактагы жарандар учак маселеси качан чечилет деп күтүп жаткан чагы. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнө келе албай жаткан Каныбек Кадыр уулу билдирди.
Анын айтымында, жооп күтүп жатышканына толук бир ай болгон.
"21-апрелде учак болот деген күбүр-шыбырлар айтылып жаткан. Бирок расмий ушул күнү учасыңар деп айтышкан эмес. Азыркы убакта хостелде турабыз. Угушубузга караганда хостелде акыркы күн экен, мындан ары жатакана үчүн каржыланбай турганы айтылып жатат. Бирок расмий маалымат боло элек. Ал эми учактын учуусу боюнча сүйлөшүп жатабыз деп айтылганы менен анык жообу айтыла элек. Бул жакта кезерип жатканыбызга толук бүгүн 1 ай болду", - деди Каныбек Кадыр уулу.
Ал эми элчилик менен байланышканыбызда мекеме төмөнкүдөй маалымат берди.
"21-апрелде учак учат деп эч кандай маалымат айтылган эмес. Болгону сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы жана бул апта учак боло турганы айтылган. Азыркы тапта маселе боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", - деди мекеме өкүлү.