Орусиянын 43 аймагында акыркы бир сутка ичинде 1 миң 154 адам коронавирус жуктуруп алып, 11 адам бул инфекциядан каза болду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Бул көрсөткүч менен аталган өлкөдө жалпы 7 миң 497 адам коронавирус менен ооруп жатат. Ооруган адамдардын ичинен:
Москва шаарында: 4 миң 484 адам;
Москва облусунда: 387 адам;
Санкт-Петербург шаарында: 226 адам жана калгандары өлкөнүн башка аймактарынан.
Акыркы маалыматтар боюнча, дүйнө жүзүндө 1 миллион 350 миң 523 адам бул инфекцияны жуктуруп алган. 74 миң 834 адам каза болсо, 285 миң 64 адам бул оорудан айыгып чыкты.