Бүгүн, 22-апрель күнү кыргыздын чыгаан төкмө акыны Элмирбек Иманалиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө. Сөзгө чыккан драматург Султан Раев Иманалиев тууралуу эскерип өттү.
"Бүгүн биз кыргыздын ак сөөктөрүнүн бирин узатып жатабыз. Бүгүн биз Кетбуканы, бүгүн биз Алыкулду, бүгүн биз Тыныбекти, бүгүн биз Саякбайды, Сагымбайды, бүгүн биз Жеңижокту, Барпыны, Токтогулду, Эстебести акыркы сапарга узатып жатабыз. Анткени Элмирбек ушул нарктуулукту алып жүрүүчү, көкүрөгү кыргыз деп соккон жигиттердин бири эле. Чынында биз бүгүн залкарлардын жолун улап келаткан акыркы талантты акыркы сапарга узатып жатабыз", - деди Раев.