Элмирбек Иманалиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты. Таалай Керималиев: "Элмирбек 15 күнгө жеткидей акчасы жок, 5 килограмм ун келсе энесин көргөндөй сүйүнгөн элдин көз жашынан өлдү"

Бүгүн, 22-апрелде белгилүү акын Элмирбек Иманалиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп жатат. Аталган зыйнатка маданият өкүлдөрү, маркумдун жакындары келип катышууда.

Зыйнатта сөз алган Элмирбек Иманалиевдин жакын досу акындын өмүрү элдин тагдыры менен туташ болгонун, ал элдин ар бир маселесин жүрөгүнөн өткөргөнүн айтты.

"Көпчүлүктө Элмирбек Иманалиев эмнеден каза болду деген суроо жаралып жатат. Элмирбек 30 жылдан бери эл тартып келе жаткан кайгыдан өлдү. Элмирбек бийлик, мансап үчүн өлгөн жок. Ал ошол бийлик, мансап үчүн бири-бирин сатып, элин, жерин сатып жүргөндөрдүн азабынан өлдү. Ал 15 күнгө жеткидей акчасы жок, 5 килограмм ун келсе энесин көргөндөй сүйүнгөн элдин көз жашынан өлдү. Досум кыргыздын бактысына бир жаралган инсан болчу. Биз анын өзүн көрүп, ырларын уккандыктан аны Токтогулдан да артык көрчүбүз, ал биздин жүрөгүбүздө улук бойдон калат", - деп ыйлады Керималиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
akmanai
2020-04-22 12:02:09
Менин коз жашым али кургай элек. Жоготуудан ичим эншерилип атат. А жакындарынын абалын элестете албаймын. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!
+10
maks1980bishkek
2020-04-22 15:59:17
Туптуура айтыптыр.Жаткан жери жайлуу болсун.Улуу күндөрдө кетти...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан