Элмирбек Иманалиевди дарыгерлер 1 сааттан ашык кабыл албай коюшту беле? Маркумдун шакирти Асылбек Маратов айткан сөзү боюнча түшүндүрмө берди

20-апрелде ак таңдай акын Элмирбек Иманалиев оорудан улам дүйнө салган. Ал эми кечээ, 21-апрелде жергиликтүү маалымат булактарынын бирине акын Элмирбек Иманалиевди Бишкектин ооруканалары карантинге байланыштуу кабыл албай, дарыгерлер алгачкы жардам көрсөткүчө бир сааттан ашык убакыт өтүп кеткенин акындын шакирти Асылбек Маратов билдирген.

"Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын клиникалык ооруканасына алып барсак Фучик көчөсүндөгү №1 Шаардык клиникалык ооруканага жиберишти. Ал жакка барсак кайра атайын ооруканага жиберишти. Дарыгерлер "карантин маалы" деп кабыл албай өтө кечиктирип коюшту", - деген ал билдирүүсүндө.

Мындан улам SUPER.KG порталы маркум акындын шакирти Маратовдон бул маалымат боюнча комментарий алды. Анын айтымында, элге жарыяланып талкуу жаратып жаткан окуя такталбаган маалымат.

"Жан кашайып, кан жутуп турган маалда ушундай маалымат таркап кетиптир. Анткени ыза болуп турганда адам баласы пендечилик кылып, бирөөнү күнөөлөгүсү келет экен. Жеке өзүм устатымдын абалы начарлап, "Тез жардам" унаасы менен кеткенден кийин артынан барып калдым. Ал эми оорукана кызматкерлери бир жактан экинчи жакка жиберген деген такталбаган маалымат болуп калды. Элмирбек устатыбыз эмнеден өлдү десе, кайгыдан, сарсанаадан өлдү деп айтар элем. Анткени эгемендүүлүк алган жылдан бери өспөгөн өлкөнү "качан өнүгөбүз!" деп көп ойлочу. Апрель баатырлары тууралуу айтып жүрүп, өзү дагы апрель айында жан берди. Жалпы Кыргыз элиме терең кайгыруу менен көңүл айтам, орду толгус жоготуу", - деп билдирди ал.

Азыркы тапта бул маалымат боюнча маркум акындын кесиптештери, замандаштары жана жалпы эле эли эгер маалымат чын болсо дарыгерлер жоопко тартылышы керек деген талаптарын коюп жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
ABAkg86
2020-04-22 14:44:05
Кыргызстанга "Кечирим суратуу" министрлигин ачуу керек болуп калды.
+22
erkinali858585
2020-04-22 14:47:32
Аттиң Маратты да коркутуп успеть кылыптыр да. Акырын бир күнү чындык чыгаар
+22
Belek1710
2020-04-22 14:58:19
Асылбек эмесби?!
+4
nurda00
2020-04-22 15:19:47
Коркутуп уркутуп турса да Шакирти деген созду актап ачыгын эле айтпасызбы?
+21
asman.81
2020-04-22 15:24:30
Тамагынарга бычак такаса да ачык айткыла эл уулунун олумуно врачтардын куноосу болсо эл алдында жооп берсин.Элмирдей уулду карабай койгон врачтар ак халат кийгенге акысы жок!
+27
Bars88
2020-04-22 15:25:20
Врачтарга кудай бердида.Каалагандай иштеп марттын башында эле кызым бир айлык болуп алып барсак не келдинер келбей тургула деп башты орутушкан.Бул оору башталгандан бери канча оорулуулар отуп кетишти карантин деп кабыл албай
+12
Arstan18.18
2020-04-22 15:31:34
Мээси чириген эл болду коронавирус болсон карайт башка ооруу мн ооруп олсонда боло берет! А коронавирус болсон тез больницага барышын кк жашырбашын кк и алдарды сакайтыш кк
+8
bond02
2020-04-22 15:48:25
Жигитсинби бир созундон танбагын, баш кесмек бар тил кесмек жок. Кечээ бирди суйлоп бугун башканы суйлой турган болсон мындан кийин суйлоп чыкпа эл алдына.
+33
DNurgiza
2020-04-22 16:32:01
Каап, аттин ай, ошол ак халатчандар убагында тез жардам корсотушсо балким аман калат беле. Биринчи карап , жардам корсотуп анан башка жакка багыт берсе болбойт беле.
+12
Haanykeim
2020-04-22 17:38:44
Эмне эки сүйлөп,ачыгын айтса болот элего..Жаныңы алса да ачыгын айт..
+8
Alia82
2020-04-22 18:06:37
Коркутса ачыгын айт, антпесе булар чындыкты айткандарды чыркыратып бирден коркутуп отуруп эч кимди ооз ачкыс кылгысы бар
+6
Zhoro
2020-04-22 20:50:43
Мен да бир отмушту жаза кетейин.
2006-жылдын июль айы дуйнолук футбол оюну болуп жаткан убак болчу.
Ошондо мени Мраморное айылы жактан кара курт (жоргомуш) чагып алды кыскараак жазайын убакыт отту фучикке келдик ал жерден республиканскийге больн логвиненького жиберди ал жерден 4 горбольницага жиберди, бирок бироосу да карап койгон жок биринчи жардам ары турсун ошентип коп убакыт жолго кетти бирок мен 4-горболнь бара жатканда эсимди жоготтум бара жатып баары менен коштоштум
Эрте
+5
Pikir-add
2020-04-23 00:54:30
Таң калыштуу болгону опозицияда жүргөн кабарчыларда ХХХХ кысып калганда болуп жатат бийликтин ХХХХ чукуган Азаттыктан баштап ары жагы дежурный опозиционерлер да үн катпай калып жатканы таң калыштуу!!!
+1
Gulnura-21
2020-04-23 08:06:41
Аялы кайда болду экен,ал деле врач эмес беле, өзү алып барса болмок же часныйга
+1
Nestana95
2020-04-23 13:21:55
Gulnura-21,мен да ошону эле ойлоп отурам,аялы деле кылат беле жардамды
0
Bolunbo.kyrgyz
2020-04-23 08:35:20
Адакерчилик жоголду эмнесин айтасынар акыр заман келдиго пейлибиз ичибиз тарып только озубуз аман болсок дейбиз
0
Samarish1216
2020-04-23 09:23:30
Жаш да, байкуш, коркуп калган тура.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан