UFC уюмунун тарыхында эң көп каражат алгандардын сап башын ирландиялык 31 жаштагы мушкер Конор Макгрегор ээледи. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Макгрегор бир беттеши үчүн 12 миллион доллар каражат тапкан. Экинчи орунга голландиялык Алистар Оверим жайгашты. Ал бир беттеши үчүн 8 миллион 700 миң доллар алган. Үчүнчү орунду орусиялык белгилүү мушкер Хабиб Нурмагомедов ээледи.
Конор Макгрегор "Forbes" басылмасынын маалыматы боюнча, 2019-жылы 45 миллион доллар каражат иштеп тапкан.