Орозону кармоодо акыркы убактарда медициналык эмдѳѳлѳрдүн кайсыларына уруксат жана кайсыл эмдѳѳлѳр орозону ачып жиберет?
Орозо бузулбайт:
☑ Медициналык эмдөө: теринин астына п/к, булчуңга в/м жана тамырга в/в жасалуучу уколдор;
☑ Эмдөө (шприц) аркылуу анестезия жасоо;
☑ Ооруну сездирбөө (анестезия, наркоз);
☑ Дем кысылуусуна каршы оозго чачылуучу спрей (астма, бронхит оорунун кармап калуусу);
☑ Тилдин астына салынуучу таблетка жана спрей (жүрɵк оорунун кармап калуусу, стенокардия, инфаркт,
кан басым);
☑ Мурунга чачылуучу спрей (аллергияга каршы);
☑ Артерия-кан тамырга катетер коюу;
☑Коронарография жана ангиография;
☑Компьютердик томографиянын бардык түрү (контрасттары менен дагы мүмкүн);
☑ Эркектердин жыныстык мүчөсү аркылуу кирүүчү контраст, дарылар жана аны текшерүүчү
жабдуулар:
☑ Аялдын жыныстык мүчөсү аркылуу куюлуучу дарылар жана аны текшерүүчү жабдуулар;
☑ Кулакка дары тамызуу (эгерде кулактын пардасында тешик болбогон болсо);
☑ Теринин үстүнө сүйкөлүүчү май, крем жана дарылар;
☑ Кан берүү (алдыруу), хижама жасатуу;
☑ Анализ үчүн бейтаптан кан алуу.
Орозо бузулат:
☑ Медициналык эмдөө, эгерде ал дарылар адамдын алсыздыгын жакшыртууга байланыштуу
болсо (глюкоза, гормондор, витаминдер жана башка ушул сыяктуулар);
☑ Гастроскопия жана эндоскопиялык текшерүүлѳр жана алар аркылуу дарылардын куюлушу;
☑ Арткы ичеги жактан текшерүү жана алар аркылуу дарыларды куюлушу;
☑ Артка свечаларды коюу (мисалы, геморрой оорусунда);
☑ Клизма жасатуу;
☑ Гемодиализ;
☑ Таблетка жана капсулаларды ичүү;
☑ Кулакка дары тамызуу (эгерде кулактын пардасында тешик болгон болсо).
Кайсы оору менен ооруган бейтаптарга орозо кармоого болбойт?
☑ Инсулин алып жаткан (1-чи типтеги) абалы оор бейтаптар;
☑ Канты тезинен түшүп же кескин кɵтɵрүлүп кетүүчү ооруулар;
☑ Башка адамдын жардамына муктаж болгон оор абалдагы бейтаптар;
☑ Жүрөк кемчилигине чалдыккан ооруулар (сердечная недостаточность);
☑ Инфаркт жана инсультка чалдыккан оор абалдагы бейтаптар;
☑ Оор абалдагы гипертония (кан басымы жогору болгон) ооруулар;
☑ Боор жана бɵйрɵк жетишсиздигине чалдыккан бейтаптар (гемодиализ);
☑ Бардык өнөкөт (хроник) ооруулардын кайталаныш (обострения) убагы;
☑ Бардык инфекциялык (жугуштуу) ооруулар (Коронавирус да кирет);
☑ Психикалык ооруулар;
☑Кош бойлуу жана балалуу аялдар;
☑ Жашы улуу ѳзүн-ѳзү камсыз кыла албагандар жана жаш бойго жетпеген ѳспүрүмдѳр.
Орозодо эмнеден сактануу зарыл?
Орозо убагында чоң күч иштете турган жумуштарды азайтуу же жеӊилдетүү зарыл, машыктыруучу залдарды (футбол, волейбол, күрөш жана башкаларды) токтотуу да сунушталат. Күндүн ысыган мезгилинде дене дем ала турган, пахтадан даярдалган ак же боз кийимдерди кийүү керек болот, баш-кийим - албетте, жеңил калпак же шапке кийип жүрүӊүздɵр. Күндүн ысык убагында абада сыртта азыраак болууга аракет кылыңыздар, көпчүлүк убакта кондиционери бар бɵлмɵлɵрдɵ болуу зарыл. Бирок шамалдап ооруп калуудан сактануу үчүн кондиционердин түз тийип турган шамалынын астында көп убакытка олтурбаӊыздар. Саарлыктан кийин кɵп тамак жебеген адамдар багымдаттан кийин бир аз уктап алуусу да орозону жеӊилдетет. Орозо убагында күндүзү саат 14:00дөн – 17:00ге чейинки аралыкта 40-60 мүнөткө чейин уктап эс алуу да организмге чоӊ пайда келтирет.
Орозо айында кандай тамактануу керек?
Орозо убагында мүмкүн болушунча тамактарды жѳнѳкѳйлѳтүүгѳ аракет кылыңыздар. Тамак бул айда канчалык аз желсе, организм үчүн да ошончо көп пайда болот. Кечке чейин ачка калган ашказанды ооз ачуу убагында бир заматта толтуруп алуу да организмге терс таасирин тийгизет. Иптарды суу жана 3 даана курма менен ачкан медицина жактан дагы сунушталат. Себеби окумуштуулардын айтуусу боюнча, курманын курамында 60-65 пайызга чейинки организмге тез сиңүүчү фруктоза бар. Фруктозанын кадимки канттан айырмасы, ал кандагы кантты тезинен кɵтɵрүп жибербейт жана ашказан тамак системин толугу менен иштей башташына шарт түзөт. Суу, айран, жаӊы жасалган компот жана кѳк чайды көбүрөөк ичүү сунушталат, себеби суюктуктун суткалык нормасы дени сак адамдар үчүн 2,5-3 литрге чейин болуусу зарыл, андан тышкары жер-жемиш, салаттардан да иптар убагында кɵбүрɵɵк колдонуӊуздар. Орозодо суткасына бир жолу жакшы тамактануу зарыл. Саарлыкка жумуртка, майсыз эттерди, балык, тооктун этин, түрлүү кашаларды, буурчак, жаңгак, банан, сунушталат. Куурулган, майлуу жана туздуу тамактарды, кантты, ар түрдүү таттуу тамактарды, минералдык сууларды, колдонбоого аракет кылыӊыздар.