Ош. «Made in KG» кийимдер көргөзмөсү ачылды (Фоторепортаж)

Бүгүн Ош шаарындагы Султан Ибраимов атындагы Ош драма театрында «Ош-2012» кийим жарманкесинин ачылышы болду. Жарманкеде «Made in KG» бренди боюнча кийим тигүүчү 40ка жакын ишкананын кийимдери көргөзүлдү. “Кыргызстанда тигилген кийимдердин сапаты башка жактан келгендерге караганда бир топ жогору. Мен да Кыргызстанда тигилген костюм кием. Биз, болгону, буларды жер төлөлөрдө тигип, аны чоң масштабга чыгарып жатабыз. Бүгүнкү жарманкенин максаты - дал ушул жер төлөлөрдө тигилип жаткан кийимдерди эл алдына сатыкка алып чыгуу”,- дейт Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Сапарбай Асанов. Жарманкеге катар Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын студенттеринин жана жеке дизайнерлердин кыргыз оймолору түшүрүлгөн кийимдер коллекциясы көрсөтүлдү. Маалымдай кетүүчү жагдай, жарманке 1-ноябрга чейин улантылат.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан