Президент Сооронбай Жээнбеков Орозо айынын башталышы менен куттуктады

Бүгүн, 23-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз элин Орозо айынын башталышы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Отуз күн кармаган Орозонун касиети менен дил дүйнөбүз тазарат, ыйманыбыз тереңдейт, аруу сезимдер арбып, жакшылыкка болгон үмүтүбүз бекемделет.

Коомдук биримдикке, улуттар арасындагы ынтымакка, бири-бирибизди колдоого чакырган Орозо күндөрүнүн мааниси - бүгүнкү татаал мезгилде өзгөчө бийик, ушул улуу касиеттер учурда бизге өтө зарыл.

Баарыңыздарга бекем ден соолук, бактылуу жашоо каалайм, жүрөктөрдө тынчтык орноп, аруу тилектердин орундалышын тилейм! Туткан Орозоңуздарды Кудайым кабыл кылсын! Жараткан Аллах элибизге ынтымак, жергебизге тынчтык берсин", - деп жазылат куттуктоодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Munir81
2020-04-23 18:52:24
Айтканы келсин олко башчыбыздын аллахым баарыныздарга бактылуулук берсин
+3
robot111
2020-04-23 20:28:04
Ар куну элин унутпаган президент болду.
+2
zamir_kgz
2020-04-23 19:20:53
Бул киши да - жараткандын бир пендеси да. Жонокой адамга караганда башчылардын сурагы оор болот. Башчыларга эч качан суктанбагыла.
+3
Kairat1996
2020-04-23 19:33:02
Сооронбай курулай суйлогондон башка эч нерсе билбейт. Атамбаев ушуну бийлике алып келип ото жанылганда.
-7
chake
2020-04-23 20:25:00
Kairat1996,арманыңды Алеша алкашга барып айт Жээнбеков мамлекетти тоногон ууруларды тазалайм деп сага окшогон уурулардын жугундусун ичкен иттерге гана жаман көрүнүп жатат карапайым эл Жээнбековду толук колдойт
+7
Bolunbo.kyrgyz
2020-04-23 19:53:23
Орозо кармап суунун кадырын билебиз канча ден солука пайда эн негизгиси Алланын бир буйругун орундап жатабыз туткун орозобуз кабыл болуп мекенибиз элибиз жерибиз тынч болсун. Омин
+7
Jaznura
2020-04-23 20:29:38
Орозоңуздарды Кудайым кабыл кылсын. Бул ай Алланын берекеси жана рахматы жааган ай.
+3
Alimbek1000
2020-04-23 20:29:51
Айтканыңыз келсин! Коронавирустан элибиз аман эсен чыгып алсын.
+3
Mina24
2020-04-24 04:22:06
Райымды сарпашовду камаш керек эле да баарына бирдей мамле жокта кудай алдын да таза болсун да калыс
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан