Социалдык тармактарда мамлекеттердин борбор шаарларын жана андагы эң чоң шаарларды жаңылбай айткан кишинин видеосу талкууга түштү. Видео укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан тартылганын байкаса болот.
Аталган видео социалдык тармактарда кеңири тарап, кызуу талкууга алынган. Көпчүлүк интернет колдонуучулар аталган киши айрым аткаминерлерге караганда так жана туура сүйлөрүн баса белгилешкен. Ал эми айрым колдонуучулар селсаяк билгенчелик мамлекеттердин борбор шаарларын билбей тургандыгын моюнга алышкан.
Видеодогу киши бир шаардын атын унутуп калып, мунун баарына арак күнөөлүү экенин айтканын көрүүгө болот.