Популярдуу мессенжерлердин бири болгон Телеграмга видео байланыш функциясы кошулат. Маалыматты тиркеменин негиздөөчүсү Павел Дуров билдирди деп жазышат чет элдик басылмалар.
Анда бул функция ушул жылдын соңуна чейин ишке кирери айтылат.
"Күн сайын Телеграмга 1 жарым миллиондой киши катталууда. Дүйнөдөгү азыркы абал, өзүн-өзү изоляцияга алуу абалы видеокоммуникация тармагындагы ишенимдүү каражаттарга муктаж экендигин көрсөтүп жатат. Биздин команда коопсуз видео байланыш түзүүнүн үстүндө иштеп жатат", - деген ал.