Жалал-Абад шаарындагы блокпосттордон коменданттык саат убагында 75 автоунаа өткөнү айтылды

Бүгүн, 25-апрелде Жалал-Абад шаарынын коменданты Жеңиш Жоробеков аймактардагы абал тууралуу кезектеги онлайн маалымат жыйынын берди.

Анда Жалал-Абад облусу боюнча коюлган блокпосттордон өтүп жаткан автоунаалар боюнча маалымат берилди.

"Жалпысынан бир сутка ичинде блокпосттон 270 автоунаа өткөн болсо, анын ичинен коменданттык саат убактысы киргенден кийин 75 автоунаа өттү. Баарын тактап, мониторинг жүргүзүп жатабыз. Коменданттык саат учурунда өтүүгө уруксат берилген 75 автоунаа - оор жүк ташуучу унаалар жана гуманитардык жардам ташыгандар, кээ бир учурларда ооруканага кайрылуу үчүн өткөндөр болуп калат. Алсак, акыркы бир суткада ооруканага барам деген 15 жаран катталган. Анын ичинен 3 жаран төрөт үйүнө бараткандар болгон. Мындай учурда блокпосттогу укук коргоо органдырынын кызматкерлери алардын автоунааларын коштоп, төрөт үйүнө чейин жеткирип коюшат. Жалпысынан жарандарга ыкчам түрдө жардам бергенге аракет кылып жатабыз", - деди комендант.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан