Буга чейин Орусия менен Казакстандын ортосундагы чектеш Соль-Илецк шаарында калып калган Кыргыз жарандары бир нече ирет бийлик өкүлдөрүнө аларга жашыл коридор ачып берүүсүн суранып кайрылган.
Бүгүн, 30-апрелде өткөн парламент жыйынында бул тууралуу маселе көтөрүлдү. Анда депутаттын суроосуна жооп берген өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев төмөндөгүлөрдү билдирди:
"Соль-Илецк шаарында калган жарандар боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Казак тарап ал жакта калган 150гө жакын жарандарыбызды коопсуздук үчүн атайын автобустар менен медициналык кызматкерлердин коштоосунда алып өтүүгө макулдугун берип жатат. Бирок жарандар өз унаалары менен өтөбүз дешүүдө. Бул маселе аягына чейин 2-3 күндүн ичинде чечилет".