Жалал-Абадда каналга түшүп кеткен 11 жаштагы баланын жансыз денеси Өзбекстандан табылды

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда сууга түшүп кеткен 11 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Бүгүн, 25-апрелде Өзбекстандын суу чарба башкармалыгы тарабынан Наманган каналында белгисиз эркек адамдын жансыз денеси табылганы кабарланды. Маркумдун денесин кароо учурунда буга чейин изделип жаткан бала экени аныкталды. Саат 14:00дө маркумдун жансыз денеси Өзбекстандын чек ара кызматы тарабынан туугандарына өткөрүп берилди", - деди мекеменин басма сөз катчысы.

2 күн мурда Үч-Коргон айыл аймагынын Катраңкы айылында Наманган каналына 2009-жылы туулган жаш бала сууга түшүп кеткендиги, издөө иштерине куткаруучулардан тышкары жергиликтүү тургундар дагы тартылганы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nurhan2702
2020-04-25 22:15:48
Ии балапан, ажал айдаган экен да. Жакындарына сабыр, ото окунучтуу!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан