Социалдык тармактарда мектептин бүтүрүүчүлөрү президент Сооронбай Жээнбековдон акыркы коңгуроо салтанатын токтотпоону суранышууда.
Коомчулукта өлкөдө киргизилген жана 30-апрелге чейин узартылган өзгөчө абал май айынын аягына чейин узартылат деген кептер жүрүүдө. Ал эми Бишкек шаарынын коменданты азыр бул тууралуу так маалымат жок экенин айтып, өзгөчө абал алынган күндө деле коюлган чектөөлөр аз-аздан алынаарын айткан.
Ал эми мектептин бүтүрүүчүлөрү акыркы коңгуро иш-чарасын өткөрүүнү каалап жатышкандыгын айтып, социалдык тармактарда #бүтүрүүчүлөрдүнкүнү2020, #бизакыркыкоңгуроонукаалайбыз деген хештегдерин колдонуу менен билдирүүлөрдү жарыялап жатышат.