Бүгүн, 25-апрелде Бишкектин Чүй жана Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде унаа кырсыгы орун алды. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык саат 20:00 чамасында болгон. Анда Мерседес үлгүсүндөгү унаа Үмөталиев көчөсүнөн чыгып келе жаткан "Тез жардам" унаасын сүзүп кеткен. Жеңил унаада айдоочу өзү гана болгону айтылууда. Ал эми "Тез жардам" унаасында айдоочу жана 2 медицина кызматкери болгон. Кырсыктан жабыркагандарды ооруканага алып кетишкен.