Хабиб Нурмагомедовдун атасы ооруканага түштү. Анын коронавируска тапшырган тестинин жыйынтыгы чыга элек

Кечээ, 25-апрелде орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовдун атасы, машыктыруучу Абдулманап Нурмагомедов пневмонияга шектелип ооруканага жаткырылганы маалым болгон. Машыктыруучу учурда абалы жакшы экенин билдирди.

57 жаштагы Абдулманап Нурмагомедов 25-апрель күнү ооруканага жаткырылгандыгы тууралуу анын досу, комментатор Рамазан Рамаданов айткан. "Абдулманап тоодо жүрүп ооруп калды. Учурда Махачкалада 2-шаардык ооруканада жатат. Эки күн басып эле жүргөн. Достору ооруканага жат деп араң көндүрүштү. Азырынча коронавирус аныктала элек. Сасык тумоо дешүүдө. Эч кимди жанына киргизбей жатышат. Андан тышкары дүйнө чемпиону Шамил Завуров жана башка спортчулар да ооруп жатат дешти", - деген Рамаданов.

Орусиялык басылмалар Абдулманап Нурмагомедовду пневмонияга шектелип ооруканага жаткырылды деп жазышууда. Учурдагы абалы тууралуу машыктыруучу: "Өзүмдү жакшы сезип жатам. Мен жакшымын", - деп билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан