Чүйдө Чу дарыясынан белгисиз аялдын жансыз денеси табылды. Учурда маркумдун аты-жөнү, туулган жылы такталууда деп билдиришти ӨКМнын маалымат кызматынан.
"26-апрелде нөөмөт бөлүмүнө Аламүдүн районунун Октябрь айылында Чу дарыясында аял кишинин жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Издөө иштерин жүргүзүү үчүн №1 бөлүмдүн куткаруучулары тартылып, жансыз денени суудан чыгарышкан. Маркумдун сөөгү ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - дешти басма сөз кызматынан.