30-апрелден 5-майга чейин "Эркечтам-автожол" көзөмөл-өткөрмө жайы жабылат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
"Кытай тараптын демилгеси менен, Кытай Эл Республикасынын Эмгек күнүн майрамдоосун эске алып, Кытай-Кыргыз чек арасындагы "Эркечтам-автожол" көзөмөл-өткөрмө жайы 30-апрелден 5-майга чейин жабылат. Чек ара оор жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу жабык болот", - деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, 15-апрелден тартып "Эркечтам-автожол" көзөмөл-өткөрмө жайы оор жүк ташыган автоунаалар үчүн ачылган.