Кара-Балта шаарында дүкөндөн өрт чыгып, толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"28-апрель күнү Чүй облусунун Жайыл районунда дүкөндөн өрт чыккан. Кара-Балта шаарынын Жайыл баатыр көчөсүндө жайгашкан дүкөндөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат саат 15:40та түшкөн. Өрттү өчүрүүгө жалпы 2 бөлүм тартылган. Өрт саат 17:10до толук өчүрүлгөн. Кырсыктан жабыр тарткандар болгон жок", - деп жазылат маалыматта.