Чүй облусунун Жайыл районунда кампадан өрт чыгып, анын кесепетинен 1 жаран жаракат алды. Кырсык тууралуу маалымат ӨКМнын нөөмөт бөлүмүнө 15:40 чамасында келип түшкөн. Маалыматты аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Жайыл районундагы Калинин айылында жыгач устундуу шифер жабылган кампадан өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен кампанын 50 чарчы метр чатыры жана ГАЗ-52 үлгүсүндөгү унаанын 2 дөңгөлөгү күйгөн. Мындан тышкары 1979-жылы туулган А.Б. аттуу эркек киши II-III даражадагы күйүк алып, "Тез жардам" кызматкерлери тарабынан ооруканага жеткирилген. Учурда өрттүн себеби такталууда", - дешти мекеменин маалымат кызматынан.