Бүгүн, 29-апрелде тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Ниязалиев чет элде калган жана мекенине кайтып келген Кыргыз жарандары тууралуу онлайн маалымат жыйын берди.
Жыйын учурунда ал чет өлкөдө жүргөн Кыргыз жарандарын ошол жерде калып турууга чакырды.
"Чет өлкөлөрдө жүргөн жарандарыбызды ден соолугун тобокелчиликке салбаш үчүн турган жеринде калууга чакырабыз. Жер-жерлерде Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери иштеп жатат, алар мекендештерге жардам көрсөтүүгө же кеп-кеӊеш берүүгө даяр”, - деди Ниязалиев.
Орун басар азыркы тапта Кыргыз өлкөсүнө алып келинген жарандардын саны 8 миңге жакындап калганына карабастан, мекенине кайткысы келип жаткан жарандардын саны көп экенин айтты. Алар атайын тизмеге алынып, аларга колдоо көрсөтүлүп, алып келүү мүмкүнчүлүктөрү каралып жатканын билдирди.