Казакстанда таштанды ташуучу унаага жашынып, Алматы шаарына өткөнгө аракет кылган беш жаран кармалды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.
"Унааны 51 жаштагы айдоочу башкарып бара жаткан. Ал Алматы шаарынын кире беришиндеги блокпосттон токтотулган. Унаанын ичин текшерүүгө алганда кабинанын артында 3 жаран, ал эми кузовдо дагы 2 жаран жашынып жатканы аныкталган. Айдоочу жарандарды облустан шаарга алып өтүүгө аракет кылган. Азырынча ал өз кызматы үчүн канча акча алганы белгисиз. Кармалгандар полиция башкармалыгына жеткирилип, өзгөчө абалдын эрежелерин бузганы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылышкан. Иштин материалдары чечим чыгаруу үчүн сотко жөнөтүлдү", - деп жазылат маалыматта.