Апрель айынын аягында дүйнө жүзүндөгү эң чоң шаарлардын аба майданында учактар дээрлик учпай калды. Чет элдик маалымат каражаттары учактардын саны канчалык деңгээлде азайганын жарыялашты.
Маалыматка ылайык, авиакомпаниялардын кирешеси бул жылы 314 миллиард долларга азаярын адистер эсептеп чыгышкан.
"Flightradar24" сервиси 24 саат бою жарандык авиациянын учактарынын ордун көрсөтүп турат. Дал ушул сервисте аба майданында учактардын канчалык деңгээлде азайганын көрүүгө болот.