Өзбекстанда коронавирустан бүгүнкү күнгө карата 7 адам айыкты. Алар обсервациядан чыгышып, реабилитациялык борборго бүгүн, 29-мартта которулду.
Ташкенттеги клиникалардын биринде дарыланып, сакайган бейтаптарды дарыгерлер узатышса, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жарандарга гүл берип реаблитациялык борборго жөнөтүштү. Бейтаптарды ооруканадан чыгарып жаткан учурдагы сүрөттөр интернетке тарап, социалдык тармактын колдонуучулары тарабынан жылуу кабыл алынды.
Учурда Өзбекстанда 133 адам коронавирус менен жабыркап, 2 адам каза болду. Айыккандар 7 киши болуп калды.